Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү. Куттуктоо

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, 8-декабрь – Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

“Учурда маалыматтык технологиялар тез өнүгүүдө жана маалымат таратуу каналдары кулачын кенен жайды. Мындай учурда жалпы коомдук пикирди калыптандыруунун, руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуунун, ошондой эле мамлекеттик саясаттын ачыктыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун негизги куралы катары массалык маалымат каражаттарынын мааниси артууда. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери мамлекеттик биримдикти бекемдөөгө, коомдогу жарандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, ошондой эле калкты объективдүү, ишенимдүү жана ар тараптуу маалымат менен камсыз кылууга олуттуу салым кошууда” деп айтылат куттуктоодо.

Өткөн мезгилде материалдык-техникалык база чыңдалып, заманбап техникалар менен жабдууланып, көрүүчүлөргө жана угуучуларга жогорку стандарттагы берүүлөр сунушталып жатканы айтылды. Өзгөчө дүйнөлүк жаңылыктарды, саясий, спорттук жана башка телеберүүлөрдү мамлекеттик тилде чагылдырууда кыйла өсүш байкалары белгиленди.

Маалыматта айтылгандай, өлкөбүздө эң биринчи радиоуктуруу 94 жыл мурда обого чыкса, ал эми алгачкы телекөрсөтүүнүн чыкканына 67 жыл толот, мына ушул майрамды белгилөө жөнүндө токтом 30 жыл мурда кабыл алынган. Салыштырмалуу аз убакытта телекөрсөтүү жана радиоуктуруу коомдук турмуштун маанилүү бөлүгүнө айланды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты