Садыр Жапаров Ташкенттеги “Амирсой” аттуу лыжа базасына барды

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров Ташкенттеги “Амирсой” лыжа базасына баргандагы ой-пикирлерин  Фейсбук баракчасына жазды.

-Бүгүнкү “Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев жоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур. Сөз жок. Азамат. Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан. Миллиондогон туристтер эс алып жүрүшөт. Тейлөө кызматы Европаныкынан кем калбайт. Эң жогорку сапатта. Ташкенттен ары жарым сааттык жол экен,-деди Садыр Жапаров.

  

Ал эми биздин тең лыжа базасы болушу керек эле, бирок бизде «жокко эсе» деп, анын себептери менен бөлүштү.   

-Биздин мамлекетибиздин аянтынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Негизинен алганда жети дубаныбызда тең ушундай лыжа курорттору болушу керек эле. Бирок бизде жокко эсе.Эмне үчүн дегенде, көз карандысыздык алган күндөн баштап, жөнөкөй калктан президенттерге чейин бир гана саясат менен шугулданып жүрө бергенбиз. “Күндө митинг, күндө той” болот эле бизде. Экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калган, -деди Жапаров.

Буга чейин президент Алтай жергесиндеги «Миң жүрөк» аттуу тоо лыжа базасына барган.

Сүрөт: Президент Жапаровдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты