Садыр Жапаров: “Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай бизнесин сатып, балдар ооруканасын куруп, мамлекетке өткөрүп берди”
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү мунай бизнесин сатып, анын акчасына Сузак районунун Чокмор айылына оорукана куруп, мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров оорукананын ачылышында бүгүн, 13-майда, билдирди.
“Мында 75 орундуу төрөт бөлүмү жана 75 орундуу балдар ооруканасын курууга 570 миллион сом акча каражаты сарпталган. Ачык айтып коюшубуз керек, бул иште колу ачык, жоомарт мекендештерибиздин дагы үлүшү бар. Мен ушул жерден баса белгилеп айта кетпесем болбойт, урматтуу кыргызстандыктар, мурда биздин чиновниктер дейбизби, бизнесмендер дейбизби, айтор, Кыргызстандан тапкан акчаларын чет жактарга чыгарып кетишип, ошол жакта бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жактарга заңгыраган имараттарды куруп, бүгүн дагы ошол бизнестерин көзөмөлдөп, Кыргызстанга келе албай жүргөндөрдү баарыбыз билебиз. Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өздөрүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына мына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат” деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров 12-13-майда Жалал-Абад облусунда жумушчу сапар менен жүрөт.
Сүрөт: Социалдык тармактардан.