Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.
«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм» деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым.
Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.
Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны, акыркы маалыматтар боюнча, эки мамлекетте 600гө жетти. Түркияда курман болгондор 280 киши, жабыркагандар 2000 кишиден ашты. Бул тууралуу Түркиянын вице- президенти Фуат Октай билдирди. Мамлекеттин ар кайсы шаарларында кеминде 1710 имарат талкаланды.
Сүрөт: Volkan Kasik/Anadolu Agency