Садыр Жапаров: Шайлоодо алтын мандат, ондук, жыйырмалык деген түшүнүктөр болбойт  

  • 3 года мурун

23-октябрда Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында Садыр Жапаров шайлоодо алдыңкы орундар жүз миңдеген доллар турган адат мындан ары болбой турганын айтты.  

 

“Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан, акча жасоонун жана коррупциянын булагына айландырган эски, алдамчыл системаны жойдук”-деди Президент.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Ага 89 ЖМКдан 163 журналист акредитациядан өткөн. Анын 13ү чет өлкөлүк журналисттер.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты