Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат бар.
Сүрөттө: Санкт-Петербург. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү