Садыр Жапаров:  Рустам балам: «Ата, Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюңузчу” деп келиптир

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда жарандардын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы бошотуу талабы тууралуу суроого да жооп берди.  

-Ушул саясий иш дегендердин баары мен бийлик башына келгенге чейин болгон иштер. Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго: “Күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун”,- деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы “саясий негизде соттоп жиберди” деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери «Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле» деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты, -деди мамлекет башчы.

Ал эми «Атамбаевди бошотуп ийбейсизби» деген суроого мындайча жооп берди:

-Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай, канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир.

«Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим.

Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек,-деди Садыр Жапаров.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Калыс-Ордо» жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты