Садыр Жапаров Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушуна капсула салды

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна капсула салды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтыландай, долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн токтотуучу жай бар. Стадиондун 5 кирүү жана 3 көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, трибуналардын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот.

Соңунда мамлекет башчы кыргыз футболунда жакшы саамалыктар болуп жатканына токтолду.

“Атактуу “Барселона” футбол клубунун академиясы кечээ Жалал-Абадда ачылса, бүгүн дал ошондой академиянын пайдубалы Бишкекте түптөлдү. Көптөгөн футбол легендалары чыккан “Барселонанын” бул академиялары Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи болуп Кыргызстанда ачылып жатканын дагы бир жолу айта кетейин” деди Садыр Жапаров.  

Сүрөт: Прехиденттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты