Орок айылынын тургуну айыл чарба жерлерин сатууга шектелип кармалды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Төмөнкү Орок айылынын тоо бетинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкени, Орок айылынын тургуну уруксат кагаздары жок, жеке көрүстөн уюштуруп, маркумдуу көмүүгө жай үчүн сатып жаткандыгы маалым болгон.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ленин районунун прокуратурасынын кызматкерлери менен бирге жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп, 40 миң сом алып жаткан жеринен Төмөнкү Орок айылынын тургуну, 1957-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган. 

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты