Садыр Жапаров мурда өзүнө катталбаган мүлктөрүн легалдаштыра турганын билдирди

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде инвесторлор жана инвестиция тартуу боюнча суроолорго жооп берип, анын ичинде мурда өзүнө катталбаган мүлктөрүн жаңы жылдан кийин легалдаштыра турганын билдирди.  

«Жаңы жылдан кийин биринчилерден болуп мен өзүм баштап легализация кылып берейин деп атам. Менин сыртта сактаган акчам жок. Өлкө ичиндеги мурда өзүмө катталбаган мүлктөрүмдү гана легализация кылам» деди президент Садыр Жапаров.

Ал эми сыртта акчасы бар байларыбыз легализация мыйзамын пайдаланып, акчаларын алып келип, ар кайсы тармактарга инвестиция кылышат деп күтүп атабыз” деди Садыр Жапаров.

“Биздин көпчүлүк байларыбыз акчаларын сыртта сактап келишет. Ошол үчүн “Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө” мыйзамды кабыл алып бердик. Азырынча эч ким деле аны пайдаланып, “легализация” кыла элек. Легализация кылышса анан сырттагы акчаларын алып келишет» деп айтты президент «Кабар» агенттигине 30- декабрда берген маегинде.

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга 20-июнда кол койгон.

Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты