Жеке жак активдерин легалдаштыруу жана мунапыс мыйзамына кол коюлду

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга 20-июнда кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөгү чектелген же жүгүртүүдөн алынган;

– Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жерлерде ушул мыйзам колдонууга киргизилген учурга карата аларды конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими колдонулган, ошондой эле соттук кароонун предмети болуп саналган мүлккө.

Ошондой эле бул мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты