Садыр Жапаров Москвага Жеңиш парадына катышуу үчүн барды

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчыга мындан 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн «Кызыл Кыргызстан» жана «Правда» гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.

Иш сапар алкагында Жапаров чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары менен бирге Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү юбилейлик Жеңиш парадына катышат.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышмакчы.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты