Садыр Жапаров: «Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп”. Лейла Саралаевага жооп
- 2 месяца мурун
- Видео
«Кабар» агенттиги Садыр Жапаров менен маегинде журналист Лейла Саралаеванын Курманбек Бакиев тууралуу жарыялаган видеосуна токтолуп, кыскача жооп алды.
-Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен. Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз,- деди Садыр Жапаров.
Журналист Лейла Саралаева «Новые лица» ютуб-каналындагы видеосунда мындай деген:
-Бакиевдердин кланынын тарыхы азыркы күнгө кандай тиешеси бар? Түз тиешеси бар. Эки достун, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин азыркы бийлиги Бакиевдердин кланы менен тыгыз байланыштуу: 2025-жылдагы март төңкөрүшүнөн кийин экөө тең Бакиевдин штабында болгон, экөөнүн тең саясий карьерасы Бакиевдин башкаруусу учурунда өрчүгөн, Садыр Жапаров Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгон, андан кийин мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы коррупциянын алдын алуу агенттигинин директору болгон, Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Акыркы убактарда Бакиевдердин кланынын ачыкка чыкпаган реабилитациясы жүрүүдө. Ал тууралуу кийинки берүүдө айтып берем, -деди учурда алыста жашап жаткан журналист Лейла Саралаева”Новые лица” ютуб-каналындагы берүүсүндө.
Журналист Саралаеванын «Улуттук саясаттын өзгөчөлүгү» берүүсү: (Видео)
2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.
Сүрөт: president.kg