Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Биргелешкен декларацияга кол коюшту

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан сырткары, Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде:

-Кытай Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен берилүүчү «Көчмө оорукана» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы өткөрүп алуу актысы;

 “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;

— КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы “Жибек жолунун алыскы шамалы” биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

 — КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

 — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

— Ош шаарынын мэриясы менен «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу ж.б.

Кол коюлган документтердин толук тизмеси бул шилтемеде.

Президент Садыр Жапаров 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарда жүрөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты