Президенттин Кытайга сапары. Кимдер коштоп кетти?

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти.

Мамлекет башчы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине да катышат.

Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда..

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Айгүл Жапарова – президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев —   Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Актилек Мусаева – Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси;

Айбек Жжунушалиев – президенттик администрациянын, Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;

Азамат Осмонов —  Президентинин администрациянын, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;

Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;

Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Талантбек Иманов — санариптик өнүктүрүү министри;

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангельдиев — экономика жана коммерция министри;

Таалайбек Ибраев — энергетика министри;

Умбриэль Темиралиев — Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Самат Исабеков — мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;

Бакытбек Жетигенов — Ош шаарынын мэри.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты