Садыр Жапаров менен Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани этномаданий программа менен таанышты

Президент Садыр Жапаров менен Катар мамлекетинин эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 7-июнда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты.

Өлкө башчыларын жаратылыш паркында төкмө акындар, алп баатырлар жана “Аталар изи” аттуу улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясынан Президенттер көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляцияларында кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышып, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында меймандарга «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланды. , Бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчылары Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коллективинин аткаруусунда түрдүү жанрдагы чыгармаларды, эки өлкөнүн музыкаларын угушту.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты