Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон этномаданий программага күбө болушту

  • 6 дней мурун

Бүгүн, 12-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.   

Анда айтылгандай, эки өлкөнүн лидерлерин төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу топтомунан улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты.

Мамлекет башчылар кол өнөрчүлөрдүн аллеясында боз үйлөрдүн инсталляцияларында чагылдырылган көчмөн элдин жашоосу менен таанышты. 

Этномаданий программанын алкагында концерт коюлду, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Этномаданий программа «Салбуурун” көрсөтүү менен жыйынтыкталды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты