“Ала-Арчага” асма жол салынды. Узундугу бир км, саатына миңдей адамды тоо чокусуна жеткирет  

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 18-февралда, “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун ачылышы болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты жана сөз сүйлөдү.  

Асма жолдун узундугу 1 чакырым, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире алат.

Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Доппел майер” (“Doppelmayr”) компаниясы тарабынан курулду. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатышат.

Экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат.

Бүгүнкү күндө “Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жол менен катар, заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Ошону менен бирге родельбан курулуп жатат. Мындан тышкары, бассейн менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү пландалууда.

“Ала-Арчага” асма жол салынды. Узундугу бир км, саатына миңдей адамды тоо чокусуна жеткирет  

“Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси  2020-жылы 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул — киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты