Президент Садыр Жапаров жана Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао «Ала-Арча» паркына барышты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 24-октябрда, президент Садыр Жапаров жана Binance платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
“Бейформал баарлашуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда заманбап блокчейн-чечимдерди киргизүү жана эл аралык инвесторлордун катышуусун арттыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчы өлкө экономикасын санариптик трансформациялоого өбөлгө түзө турган өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун жана жогорку технологиялык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү” деп жазды Алагөзов.
Президент Садыр Жапаров 3-майда дүйнөдөгү ири криптовалюталык биржалардын бири — Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү. Жапаров Чанпэн Чжаого Кыргыз Республикасынын президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырган.
2023-жылдын ноябрь айында Чанпэн Чжаого “акчанын изин жашырууга каршы мыйзамдарды бузган” деген кылмыш иши козголуп, ал Binance компаниясынын башчысы кызматынан кеткен. АКШ президенти Дональд Трамп Чанпэн Чжаого ырайым бергенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдирди.
Сүрөт: Жолугушуу учуру. 24-октябрь, 2025. Президенттин басма сөз кызматы




