Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Атада жолугушту

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Чолпон-Ата шаарында жолугушту.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин жакында болуп өткөн мамлекеттик сапарлар менен алмашууларынын жыйынтыктары талкууланды.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашылды. 

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты