Албаниянын президенти Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров жана Албания президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда, анын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү.
Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.
Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.
Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тукумдагы тайгандардын жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.
Сүрөт: president.kg




