“Эдельвейс” тоо куткаруучулары чет элдик туристтерге жардам көрсөттү

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоо куткаруучулары “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынан ооганстандык туристтерге жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Чет элдик эс алуучулар 20-августта капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири 23 жаштагы И.У.У. аттуу адам бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдирген.

Жардам берүүгө нөөмөттөгү беш куткаруучу түнү менен чыгып, алгачкы медициналык жардамын көрсөтүшкөн. Учурда абалы канааттандырарлык.

“Ала-Арча” паркына куткаруучулардан нөөмөтчүлөр коюлган.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты