“Ала-Арча” паркындагы асма жол эс алуучуларды кабыл ала баштады

  • 2 месяца мурун

«Ала-Арча» жаратылыш паркындагы асма жол 19-февралдан тартып эс алуучуларды кабыл ала баштады. Асма жолго түшүү 600 сомду түзөт, балдар үчүн 400 сом. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Асма жол 19-февралдан тарта эс алуучуларды кабыл ала баштады. Жол кире баасы 600 сомду, ал эми балдар үчүн 400 сомду түзөт. Президенттин иш башкармалыгы бул баа заманбап инфраструктураны курууга жумшалган ири инвестициялар, ошондой эле эксплуатация, техникалык тейлөө жана электр энергиясына кеткен чыгымдар менен негизделерин белгиледи. Ошол эле учурда жол кире башка өлкөлөрдөгү окшош объекттерге салыштырмалуу жеткиликтүү болуп, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу эс алуу шарттарын камсыз кылат.

18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун ачылышы болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты жана сөз сүйлөдү. Асма жолдун узундугу 1 чакырым, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире алат. Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Доппел майер” (“Doppelmayr”) компаниясы тарабынан курулду.

Ошондой эле жаратылыш паркынын аймагында бардык заманбап шарттары, анын ичинде жакузи жана саунасы бар 21 коттедж расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты