Садыр Жапаров: Мен келгенге чейин экономиканы өнүктүрө турган механизм жок экен   

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-декабрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйыны өтүп жатат.

Жапаров отчетунда буларга токтолду:

Биринчи ченемдик-укуктук жактан жасалган колдоолорду айтсак:

— камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин 

3 жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 4 пайызга чейин кыскарды;

— жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлер салык төлөөдөн бошотулду;

— ишкердик субъекттерин укук коргоо органдарына текшерүүгө тыюу салуу узартылды ж.б. дагы бир топ иштер жасалды.

Экинчи – бизнести финансылык колдоолор:

Буга чейин мен келгенче экономиканы өнүктүрө турган бир да механизм жок экен. Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы жетишсиз болуп келген. Өздөрүндө жок болсо, анан алар кантип элге жеңилдетилген насыяларды бере алмак эле. эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок экен, -деди Президент Жапаров.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты