Президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму да өтөт.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын президентинин Пакистанга акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Сүрөт: Пакистан. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты