Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш берди
- 2 года мурун
24-январда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, элчи Мусаевага сөгүш Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары үчүн, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн берилген.
Эске салсак, Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2022-жылы күзүндө дайындалган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




