Чүй облусунда алтын куймаларды мыйзамсыз алып өтүүгө шектүүлөр кармалды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жалпы салмагы 3 300 граммды түзгөн, баасы 40 512 458 сомдук алтын куймаларды контрабандалык жол менен алып чыгуу фактысы боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 24-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышты уюштурган деп болжолдонгон жана алтын куймаларды түздөн-түз ташып жүргөн КР жарандары: 1970-жылы туулган У.Х.Д. жана 2000-жылы туулган У.А.Л. кармалды.
Кармалгандар жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинде белгиленген тартипте УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сүрөттөр: УКМК




