Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Сеул шаарында Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну акырындык менен тереңдетүү маселелери талкууланды.

Президент Юн Сок Ёль кореялык компаниялардын Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгуусу активдешип, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы алмашуу кеңейип жатканын баса белгиледи.

“Алмашуулар жана кызматташтык активдешкен шартта, өткөн жылы биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн борборлору ортосунда авиакаттам ишке киргизилген. Биздин өкмөт Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбордук Азиянын стратегиялык маанисин аныктады. Дал ошондуктан ушул жылдын июнь айында Борбордук Азия регионуна биринчи атайын дипломатиялык стратегиясы — “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) Корея – Борбордук Азия кызматташтыгынын демилгеси сунушталган” деп белгиледи Юн Сок Ёль.

Юн Сок Ёль бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда экономика, айлана-чөйрө, энергетика, жеткирүү чынжырлары жана башка ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Президент бул демилгени колдоорун баса белгилеп, Кыргызстан аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ишендирип өттү.

“Келерки жылы биздин өлкөлөрдүн президенттеринин саммитин өткөрүү саясий жана экономикалык кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде мындан ары тереңдетүүгө болгон маанилүү кадам болот. Аймактарыбыздын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган Сиздин «Кей – Жибек Жолу» (K-Silk Road) демилгеңизди толугу менен колдойм” деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты