Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын катышуусу 36,90 пайызды түздү
- 1 неделя мурун
Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын катышуусу 36,90 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-декабрда билдирди.
Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоосунда жалпы 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 шайлоочу добуш берип, бул көрсөткүч 36,90 %ды түздү.
2021-жылга салыштырмалуу жалпы добуш бергендердин саны 351 873 шайлоочуга көбөйүп, өсүш 28,6% болду (2021-жылы 1 232 573 адам добуш берген).
Ал эми чет өлкөлөрдө добуш бергендердин саны 16 178 шайлоочуга көбөйүп, өсүш 60,7% түздү (2021-жылы 9 825 адам добуш берген).
Буга чейин БШК билдиргендей, 30-ноябрда саат 19:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 34,31 пайызды түзгөн же 1 млн 473 миң 264 адам добуш бергени маалым болгон.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатат.
Сүрөт: gov.kg




