Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге токой өртүнөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров  11-июнда Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм» деп айтылат телеграммада.

Казакстандын Абай облусунда 8-июнда токойдон өрт чыгып, ондогон адамдар каза тапкан.

Сүрөт: Абай облусундагы өрт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты