Садыр Жапаров иш сапары менен Шотландияга барат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышат. Ошондой эле дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары маалыматта Жапаровдун Саммит аянтчасында чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөрү айтылат.

Бул Садыр Жапаровдун президенттик кызматка келгенден берки Европа өлкөлөрүнө болгон алгачкы сапары. Ал буга чейин Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Түркмөнстан мамлекеттерине иш сапары менен барып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты