Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидге көңүл айтты

  • 7 месяцев мурун

Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидке Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтүндө болгон өрттүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Ушул жылдын 27-сентябрында Найнава аймагындагы ресторанда орун алган чоң өрттүн натыйжасында көптөгөн адамдар каза болду деп суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм” деп айтылат телеграммада.

Ирактын түндүгүндө, Найнава провинциясында 27-сентябрда үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан имаратта өрт чыгып, тойго келген жүздөгөн адам каза тапты.

Социалдык тармактардагы акыркы маалыматтарда каза тапкандардын саны 400 дөн ашуун экендиги айтылууда. Жаңы үйлөнүп жаткандар да көз жумгандыгын медицина кызматкерлери тастыктаган.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты