Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап барды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барды.
Бул тууралуу flightradar 24.com. сайтынын маалыматтарында белгилүү болду.
Президенттин администрациясы Президент Жапаровдун жеке менчик учак менен барганын ЖМКга тастыктады. Кабыл алуучу тарап ТУ-154 учагын техникалык жактан эл аралык талаптарга жооп бербегинин Президенттин администрациясы маалымдады.

Буга чейин, 2019-жылы декабрда бул учак ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарынан кайтарда абага көтөрүлө албай калган. Жарандык авиация департаменти ага учактын техникалык абалы себеп болгонун билдирген. Натыйжада Президент Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация каттамдык учак менен кайтып келген.

Кыргызстандын бийлик башчыларын ташыган «ТУ-154» учагы 1993-жылы чыгарылган.

Айрым бир маалыматтарга ылайык, Садыр Жапаровго жакында жаңы учак алынат.

Садыр Жапаров баштаган делегациянын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар. Анда Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт жана чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушат.

Глазгодогу конференциясы климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин сунуштаганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлаган.

2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорулатууга бөгөт коюу максатында тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты