Президент Жапаров Глазго шаарына барды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Бириккен падышалыгынын Глазго шаарына иш сапары менен барды. 

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан  Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды. 

Мамлекет башчы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт. 

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Расмий делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

—  Президенттик аппаратын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

Расмий сүрөттөр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты