Садыр Жапаров футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 финалдык беттешине барды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аргентина менен Франциянын улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш, Аргентинанын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, мамлекет башчы Катарга иш сапарын өлкө Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен жасоодо.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты