Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды
- 3 months мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Катардын эмири, шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар мамлекетине иш сапары менен барды.
Мамлекет башчынын учагы Доха шаарындагы «Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.
Муну бөлүшүү