Садыр Жапаров Эрдогандын инаугурациясына катышты

  • 11 месяцев мурун

Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен 3-июнда Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу иш-чара 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды.

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөз сүйлөдү.

Андан кийин бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты