Садыр Жапаров: Энергетикалык каатчылыктан 2024-2025-жылдарда чыгууну пландап жатабыз

  • 2 года мурун

Кыргызстан энергетикалык каатчылыктан 2024-2025-жылдарга карата чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде билдирди.

Мамлекет башчы каатчылыктан кантип чыгуунун жолдорун айткан жок. Бирок өлкөдө электр энергиясын импорттоо быйыл эле эмес, 2014-жылы башталганын белгиледи.

2014-жылдан бери 5 сомдон сатып алып, калкка 77 тыйындан сатып келишкен. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен бир нече миллиард каражат кетип турган. Азыр биз 2 сомдон алып жатабыз. Энергетика министри менин тапшырмам менен калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Жарандар үнөмдөбөй жатышат, анткени ал арзан. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек,-деди Садыр Жапаров.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр кубаты импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстан да электр энергиясын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда.

21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Ал эртең дагы улантылат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты