Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгондугун билдирди

  • 1 год мурун

Президент Жапаров дин боюнча мыйзамга койгондугун Фейсбук баракчасында билдирди.  

“Бүгүн дин боюнча мыйзамга кол койдум” деп, мыйзамдын  талаштуу жерин белгилеп кетти.   

“Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат” деди мамлекет башчы.  

“Бирок ушул кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок” деди Жапаров.

Алакандай Кыргызстан 33 диний агымга бөлүнүп кеткенин да белгиледи.

Айрым учурларда тыюу салынган агымдар тарабынан да  китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышат.  

“Чын ниети менен кыдырууга чыккан жарандарыбызда кеп жок. Кеп кыдырууну жамынып алып, жарандарыбызды тымызын туура эмес агымга ээрчитип кетип жаткан ниети бузук уюмдарда болуп жатат. Мунун түбү жакшы эмес. Келечегибизге коркунуч жаратып жара жатат” деди президент.

 
Сүрөт: president.kg  

 

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты