Садыр Жапаров Чанпэн Чжао менен «Каракол» лыжа базасына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен “Каракол” тоо лыжа базасына барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.  

Ал тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү Ысык-Көл облусун эл аралык туризмдин борборуна айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артыкчылык экенин белгилеп, “Ала-Тоо Резорт” кластеринин курулушу уланып жатканын айтып берди.

Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплексте тоолордун кооз панорамасы көрүнгөн эң бийик жерлеринин бирине чыгышты.

Чанпэн Чжао калың карды жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, аймактын алдыңкы европалык курорттор менен атаандашууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Жолугушуу чай ичүү менен аяктап, анда Президент Садыр Жапаров жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао инфраструктуралык долбоорлорду бейформал шартта талкуулоону улантышты.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты