Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды 

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. 

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 2022-жылдын 21-июлунда боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна документтердин жетиштүү көлөмдөгү топтому даярдалганына басым жасашты.

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты