Садыр Жапаров “Борбор Азия -Кытай” саммитине катышуу үчүн Астанага барды  

  • 4 недели мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, “Борбор Азия — Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына барды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, мамлекет башчынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Саммиттин ишине Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытай төрагасынын катышуусу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты