Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммити өтөт
- 4 недели мурун
Садыр Жапаров эртең, 17-июнда Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча «Борбор Азия — Кытай» экинчи саммитине Астана шаарына барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ошондой эле Кытайдын төрагасынын катышуусу пландалууда.
«Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт. Иш сапар алкагында Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт» деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү