Садыр Жапаров Binance компаниясынын глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолукту
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Жолугушууда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы заманбап чечимдерди киргизүүнү камтыган санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы улуттук валютага – сомго байланган KGST жаңы санариптик активин чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.
Президент ошондой эле Улуттук банк менен бирге мамлекеттик электрондук валюта – санарип сом долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгилеп өттү. Платформанын демо-версиясы сыноо режиминде иштеп жатат.
Жакынкы аралыкта аны реалдуу маалыматтарды колдонуу менен сыноо пландаштырылууда. Келечекте санарип сомду өлкө ичинде жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонууну кеңейтүү үчүн KGST менен интеграциялоо каралган.
Рейчел Конлан өз кезегинде Садыр Жапаровго жергиликтүү санариптик активдердин экосистемасын түзүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн демилгеси кеңири эл аралык кызыгууну жаратып жатканын белгиледи.
Ал Binance компаниясынын кеңири өнөктөштүк тармагы жана колдонуучулардын ири базасы бар экенин, бул долбоорду илгерилетүүгө көмөктөшө аларын баса көрсөттү.
Рейчел Конлан Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга болгон сапары эл аралык резонанс жаратканын белгилеп, Binance командасы кийинки этаптарга, анын ичинде узак мөөнөттүү илгерилетүү, коммуникация жана билим берүү демилгелерине катышууга даяр экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров 3-майда дүйнөдөгү ири криптовалюталык биржалардын бири — Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү. Жапаров Чанпэн Чжаого Кыргыз Республикасынын президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырды.




