Чанпэн Чжао президенттин виртуалдык активдерди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңешчиси болду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 3-майда дүйнөдөгү ири криптовалюталык биржалардын бири — Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү. Садыр Жапаров Чанпэн Чжаого Кыргыз Республикасынын президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.  

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда алар Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулады.

Садыр Жапаров Кыргызстан санариптик активдерди киргизүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын баса белгиледи. Ал санариптик сомду ишке киргизүү боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолду. Тиешелүү мыйзамга жакында кол коюлган.

Өз кезегинде Чанпэн Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга даярдыгын, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты