Садыр Жапаров «Берекет банк» жана уюштуруучулардын бири — уулу Нурдөөлөт Нургожоев тууралуу билдирди
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн , 2-ноябрда, «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде элден жашыра турган эч нерсеси жок экенин билдирип, жаңы ачылган “Берекет банк” жана анда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов менен уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчү болгону тууралуу маалыматты ырастады.
“Азыр дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатпайбы. Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук. Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты.Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим “ деп билдирди президент Садыр Жапаров.
Ошондой эле банк кадимки эле банктар боло турганын, бирок, көбүн эсе виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштей турганын айтты.
Садыр Жапаров үй-бүлөсү, туугандары саясатка аралашпай, жеке бизнесте жүргөнүн айтты.
Кыргызстандын каржы рыногунда жаңы “Берекет Банк” ЖАК пайда болууда. Улуттук банк 10-октябрда анын түзүлүшүнө уруксат берип, банк 20-октябрда Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү тууралуу маалымат ЖМКда жарыяланган. Маалыматка ылайык, банктын директору болуп мурда “Бай-Тушум” банкынын төрагасы болгон Жаркынбек Сагындыков дайындалган.Негиздөөчүлөрү катары президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов көрсөтүлгөн.
Сүрөт: president.kg




