Кыргызстанда жаңы “Берекет Банк” түзүлдү
- 7 месяцев мурун
Кыргызстандын каржы рынокто жаңы “Берекет Банк” ЖАК пайда болууда. Улуттук банк 10-октябрда анын түзүлүшүнө уруксат берип, банк 20-октябрда Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.
Маалыматка ылайык, банктын директору болуп мурда “Бай-Тушум” банкынын төрагасы болгон Жаркынбек Сагындыков дайындалган.


Негиздөөчүлөрү катары президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов көрсөтүлгөн.
Учурда банк лицензия алуу жана ишин баштоо үчүн уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат.
Муну бөлүшүү




