Садыр Жапаров: Бейпилчиликтин баасын-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз

«Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилчиликтин баасын-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз» — деп белгиледи президент – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, «Ала-Тоо» борбордук аянтында кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктоосунда.

“Бүгүн биз Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөр менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатабыз. 9-май – Улуу Жеңиш күнү жүздөгөн элдердин ар бир муунун бириктирген ыйык күн! Ата-бабаларыбыздын майтарылбаган эркин, күжүрмөндүгүн жана баатырдыгын эске салып туруучу өзгөчө дата. Мына ошондуктан, “Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт!” деген осуят бүгүнкү күнгө чейин чын жүрөктөн айтылып келет. Биз, кан майданда курман болгон миллиондогон адамдардын жаркын элесинин алдында башыбызды иебиз. Мына ошол алааматтан аман-эсен калып, өз Мекенине Жеңиш менен кайткан ардагерлерибизге, Жеңишке жетүүдө кан майдандагылардын демине дем берип колдоп, тапкан-ташыганын фронтко жөнөтүп турган оорук эмгекчилерине түбөлүк таазим этебиз! Алгач баарыңыздарды ачык асман, бейпил турмуш тартуулаган бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын”деди Садыр Жапаров.

Президент согушта салгылашкан ар бир жоокерди баатыр деп санайбыз деп билдирди:  

“Душмандын дзотунун ажал бүрккөн амбразурасын көкүрөгү менен жапкан Чолпонбай Түлөбердиев менен Акматыш Түмөнбаев, Москва шаарын коргоодо 28 панфиловчу катары атагы чыккан Дүйшөнкул Шопоков менен Николай Ананьев, күйүп бараткан учагын душмандын колоннасына багыттап, өзү менен кошо жардырып курман болгон Исмаилбек Таранчиев, Украин жериндеги салгылашууда өзгөчө эрдик көрсөткөн Дайыр Асанов, “Берлинге чабуул” операциясында өзгөчөлөнгөн Калыйнур Үсөнбеков, Акматбек Сүйүнбаев жана башка аталарыбыз менен абдан сыймыктанабыз. Биз бул аталар сындуу эрдик көрсөткөн миңдеген баатырларыбыздын ысымдарын эч качан унутпайбыз. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дал ушундай эр жүрөк кыргызстандыктар алдыңкы сапта туруп, кыргыз элинин ар-намысы менен абийирин коргогон. Андыктан биз согушта эрдиги менен айырмаланган ар бир жоокер атабызды “баатыр” деп санайбыз.

Тилекке каршы, үйдө калган жубайына, уул-кыздарына, күтүүдөн саргайып бүткөн ата-энелерине кайтпай калган жоокерлер, дайын-оту билинбеген аскерлер канча! Биз Ата Журтун жанынан артык көрүп, Мекен деп жанын берип курман болгон аталарыбызга башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Башында Иван Васильевич Панфилов турган, кыргызстандыктар менен казакстандыктардан түзүлгөн 316-Аткычтар дивизиясынын кан майдандагы орду ар дайым баса белгиленип, айтып турууга арзыйт. Легендага айланган бул дивизия согуштун башынан-аягына чейин маанилүү роль ойногон. Москва шаарын коргогон панфиловчу-жоокерлердин өзгөчө эрдиги дүйнө жүзүнө маалым. Дал ошол Дубосеково жолундагы кандуу кармаштан баштап согуштун нугу өзгөрүп, аталарыбыз баскынчылардын мизин кайтарып, чабуулга өтүшкөн. Мына ошондуктан Панфилов дивизиясынын туусун азыркыга чейин ардактап, сыймыктануу менен сактап келебиз.

Кыргызстандан кан майданга жалпысынан 360 миңден ашуун мекендешибиз аттанган. Бул сан ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Улам жаңы изилдөөлөр жүрүп, Кыргызстандан согушка аттангандардын, согушта көрсөткөн эрдиги менен айырмалангандар саны алда канча көп экени далилденүүдө. Мунун өзү биздин тарыхчылардын ата-бабаларыбыздын элеси үчүн тактап жаза турган иштеринин арбындыгынан кабар берип турат”.

Ошондой эле оорукта эмгектенгендерин да салымы белгиленди.

“Жеңиштин келишине кан майдандагылардын эле эмес, оорукта эмгектенгендердин да салымы эбегейсиз! Миңдеген советтик атуулдардын оорукта туруп, кан кечкен жоокерлердин колуна кол, бутуна бут, демине дем болуп беришти.

Согуш жылдарында Кыргызстанда жергиликтүү кен байлыктарды колдонгон согуш индустриясын өнүктүрүү маселеси колго алынган. Муктаждыктан улам, өлкөбүзгө Россия, Беларусия жана башка өлкөлөрдөн отуздан ашуун өнөр жай ишканаларынан техникалык жабдуулар көчүрүлүп келген.

Натыйжада фронтко керектүү продукцияларды чыгаруу үчүн “Красный швейник” фабрикасы, “Красный металлист”, Фрунзе заводдору, Ош жибек комбинаты, Кант, Беловодск кант заводдору жана башкалар тез арада ишке кирген. Ошол кезде бул завод-фабрикалар фронтко бардык жактан күчөтүлгөн жардам көрсөтүүнүн маанилүү фактору эле. Республика аймагындагы Кадамжай сурьма, Хайдаркан сымап комбинаттары, Ак-Түз коргошун заводу, сейрек кездешүүчү металлдар иштетилген Кашка-Суу заводу курулуп, ишке киргизилген. Өнөр жай ишканаларынан кыргыз коргошунунан куюлган октор, кыргыз сымабы кошулган жардыруучу заттар согушка жөнөтүлүп турган. Завод-фабрикаларда 10 сааттык жумуш күнү киргизилип, оорукта калган аялзаты, өспүрүм балдар жана кары-картаңдар согуштун оор шарттарында чарчоо дегенди билбей, “Ач карын тоюнат, жыртык кийим бүтөлөт, эң башкысы Жеңиш күн келет!” деген ураан менен чыйралып, тикесинен тик турушкан.

1941-1945-жылдары Кыргызстан 1-2-даражадагы пулемёт, миномёт аткычтарды, андан сырткары медайым, санинструктор баштаган миңдеген башка адистерди даярдап бергенин айта кетсем ашыкча болбос.

1942-жылы февраль айында Улуу Ата Мекендик согушта курчоодо калган Ленинград шаарына Кыргызстандан атайын делегация 52 вагон азык-түлүк жеткирип, жергиликтүү элдин духун, атуулдук сезимин көтөрүп, достукту, биримдикти бекемдеп келгенин эч ким унутпайт.

Мындан сырткары Ленинграддан Кыргызстанга көчүрүлүп келген 16 миңден ашуун адам, алардын ичинде турмуштун ачуу-таттуусун биле элек 3,5 миңдей баланы өз балдарындай асырап чоңойтушкандыгы элибиздин мээримдүүлүгүн, айкөлдүгүн айгинелеп турат. Алардын бири Ленинград шаарынан Ысык-Көл облусуна алып келинген ач-жылаңач, ооруга чалдыккан, кусага баткан 150 балага кам көрүп, энелик мээримин төгүп асыраган ошол кездеги айылдык кеңештин 16 жаштагы катчысы Токтогон Алтыбасарованын жасаган эрдиги, басып өткөн өмүр жолу өзүнчө бир даңазага айланды” деп белгиледи президент.   

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты