Садыр Жапаров “Барселона” легендаларына каршы беттеште ойнойт

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 30-августта, Бишкекте “Барселона” легендалары жана Борбор Азиянын ардактуу футболчулары ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Анда президент Садыр Жапаров да Борбор Азия оюнчуларынын катарында ойнойт.

Жолдоштук беттеш 30-августта Бишкекте Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Оюнга клубдун Джулиано Беллетти, Лодовик Джули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа сыяктуу мурдагы оюнчулары катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты