Садыр Жапаров Баку шаарында Ильхам Алиев менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын белгиледи.  

Көптөгөн документтерге, анын ичинде башкысы – стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлуп, ал кыргыз-азербайжан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлөрү айтылды.

Садыр Жапаров Азербайжан менен эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Көзмө-көз жолугушуудан кийин сүйлөшүү кеңейтилген курамда улантылат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты